15.03.2018 09:46
Бишкек-Ош жолунда дагы кар көчкү
Бишкек-Ош жолунун 249-чакырымына кечээ саат 17.30 дагы кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, жолдун Токтогул районунан өткөн бөлүгүндө 2 880 м3 жана жолдун 223-чакырымында 7500 м3 кар көчкү түштү. Жабыркагандар жок.
Кечээ 13-март түнү түшкөн кар көчкүдөн улам Ош-Бишкек жолу 3 күнгө жабылган. ӨКМ алыс жолго чыгуудан кармана туруу өтүнүчү менен кайрылганына карабай, көчкү түшкөн тилкелерде 300гө жакын унаа топтолуп калды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: