19.03.2018 10:30

Бишкек-Ош унаа жолунда түнкү кыймылга чектөө киргизилди

Туруксуз аба ырайына байланыштуу  19- марттан 22-мартка чейин  тоолуу аймактарда, Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринде, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Буга  байланышуу ӨКМ кооптуу аймактарда унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты  сактоого чакырат. 

Эскерте кетсек, туруксуз аба  ырайына байланыштуу 17-марттан 20-мартка чейин саат 21:00дон 06:00го дейре  Бишкек-Ош жолун унаалар үчүн жаба туруу тууралуу Премьер-министрдин буйругу чыккан.

18-мартка карата Бишкек-Ош жолу “Сосновка”, “Арал” бекеттеринде жана “Өтмөк” ашуусунда кечки 21:00дон баштап, унаанын бардык түрүнө жабык болду. 19-мартта саат  06:00дон  тартып, жол ачык.  .