14.03.2018 12:29

Бишкек-Ош жолунун көчкү түшкөн тилкесинде тез жардам күзөтү уюштурулду

Бишкек-Ош жолунун көчкү түшкөн тилкесинде тез жардам күзөтү уюштурулду.  Көчкүнүн  эки тарабында тең  Токтогул районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери медициналык жардам көргөзүп жатышат. Дары-дармектер жетиштүү.

Ушул убакка чейин 21 бейтап медициналык жардам сурап кайрылды, алар- негизинен кан басымы көтөрүлгөндөр.

Мындан тышкары, Токтогул районунун Аймактык ооруканасында жарандарды кабыл алуу үчүн 15 койка даярдалды, дары дармек, жараат таңуу каражаттары жетиштүү. Кошумча врач медайымдардын бригадасы түзүлдү.

Бишкек шаарына экинчи ирет операция жасатууга келе жаткан Баткен облусунун 68 жаштагы тургуну аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу.