12.09.2018 12:19

Бишкекте №10 троллейбустук каттам узартылат

Бишкекте №10 троллейбустук каттам узартылат

Бишкекте №10 троллейбустук каттамды узартуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматына караганда, Москва көчөсүнүн Фучиктен Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө байланыш тармагын куруу иштери башталды.

Анын жыйынтыгы менен №10 каттамдын жолун 800 метрге узартууга мүмкүн болот. Буга чейин шаардыктар троллейбус башкармалыгына кайрылып, Интергельпо көчөсүндө эки мектеп, Ленин райондук соцфонд жана башка жарандарга керектүү мекемелер жайгашкандыктан, каттамды узартып берүүнү өтүнүшкөн. 

Куруу иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.