18.04.2018 17:18

Бишкекте 13,5 кг баңгизаты менен милициянын подполковниги кармалды

Бишкекте 13,5 кг баңгизаты менен милициянын подполковниги  кармалды

Баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы өзгөчө ири көлөмдө баңгизаттарын ташуу жана сатуу менен алектенген адамдарды кармады. Бул туурасында аталган органдын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кызматка баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешелүү адамдар тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле, алар ири өлчөмдөгү маңзатын сатууга даярданып жатканы билинген.

17-апрелде таңкы саат 5терде ыкчам-иликтөө операциясын жүргүзүү учурунда Манас кең көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинен эки адам колго түшкөн.  

Алардын бири 1968-жылкы Тажикстан жараны, экинчиси 1977-жылкы Ош шаарынын тургуну болгон. Кыргыз жаранына таандык унааны тинтүү маалында картон куту табылып, анын ичинен  жабышчаак тасма менен оролгон 13 таңгак чыккан. Таңгактарда баңгизаты болгон. Аталган факт боюнча 247-берене ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү") менен кылмыш иши козголду.

Алынган баңгизаттын көлөмү 13 кг 500 грамм. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Учурда бул кылмышка тиешеси бар  башка  адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө чараларын жүргүзүүдө. Документтерди текшерүү учурунда 1977-жылкы кыргыз жараны ИИМдин ага инспектору жана подполковник экени аныкталды.  

Эми аны наамдан жана башка артыкчылыктардан ажыратууну сот карайт деп айтылат билдирүүдө.