29.03.2018 18:00

Бишкекте 24 базардын өрткө каршы коопсуздук чаралары текшерилди

Бишкекте 24  базардын өрткө каршы коопсуздук чаралары текшерилди

Бишкекте базар аймактарында өрткө каршы коопсуздук чаралары кандай сакталганы текшерилди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрткө каршы коопсуздук боюнча жумушчу комиссия түзүлүп, ал Свердлов районуна караштуу 24 базарды текшерип чыкты.

Алар: “Аалам”, “Мегакомфорт”, “Үйгө жарашык”, “Ак-Эмир”, “Улар”, “Таалай жана К”,”Аламүдүн базары”, “Строймаркет”, “Стройтехномаркет”, “Алдаяр”, “Таш-рабат 1”, “Чынар”, “Бабакан”, “Динар”, “Чолпон”, “Мадина”, “Шар-Чебер”, “Көк-Сай”, “Арпа ОсОО”, “Каар”, ЖИ “Айдарова”, “Эталон” базары, “Дордой” соода –көңүл ачуучу комплекси, “Дордой автозапчасти”,   “Мурас-спорт” соода борбору.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында, аталган соода түйүндөрүнүн ээлерине 10 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюу тапшырылды. “Аныкталган иш тартип боюнча бир ай аралыгында бардык соода түйүндөрү жана социалдык мекемелер текшерилип чыгат”, - деп билдиришет мэриядан.