08.06.2018 15:40

Бишкекте 37 кабаттуу имарат курулат

Бишкекте 37-кабаттуу эң бийик имарат тургузулат. Бул тууралуу "Ак-Башат" долбоор институту кабарлайт. Көп кабаттуу үй түштүк магистраль тараптан орун алат. Бирок ал жерде айрым тилкелер боюнча жакында эле УКМКнын коррупцияга каршы кызматы кылмыш ишин козгогон. Анын үстүнө борбордун түштүк тарабында турак-жай салууга тыюуу салынган. Ага себеп сейсмологиялык коркунуч.