28.09.2018 14:33

Бишкекте 5 жаштагы кыздын ата-энесинин арызы менен бала бакча кызматкери кармалды

Бишкекте 5 жаштагы кыздын ата-энесинин арызы менен бала бакча кызматкери кармалды

Бишкекте 5 жаштагы кыздын ата-энесинин арызы менен менчик бала бакчалардын биринин 32 жаштагы окутуучусу кармалды. Бул туурасында  Apri.kg порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, эркек киши кызга карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого шектелүүдө. Шаардык милициядан бул маалыматты төгүндөшкөн да, тастыкташкан да жок. 

«Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жана кыздын ата-энесинин бул тууралуу маалыматты ачыктабоо өтүнүчүнөн улам кенен маалымат бере албайбыз», - дешти мекемеден. 

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Иш Октябрь райондук ИИБде каттоого алынды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.