27.08.2018 13:19

Бишкекте 503 абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында ремонт иштерине байланыштуу 2 күн жаратылыш газы болбойт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-30-август күндөрү Лев Толстой, Крылов,  Алыбаев, Осмонов көчөлөрүндө, «НГЧ» от казанынын аймагында, Лев Толстой көчөсүндөгү №№ 95а, 95, 97, 99, 101 үйлөрдө газ өчүрүлөт. Бардыгы 503 абонент 2 күн жаратылыш газын колдоно албайт.