26.09.2018 13:31

Бишкекте 52 жаңы троллейбус каттамга чыгарылат

Бишкекте  52 жаңы троллейбус каттамга чыгарылат

Бишкек троллейбус башкармалыгында жаңы 52 троллейбустун презентациясы өткөрүлдү. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

Иш-чарага катышкан Бишкек мэри Азис Суракматов: «Калаада кѳп орундуу транспортту кѳбѳйтүү, ѳнүктүрүү керек. Биз азыркы учурда Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкы менен коомдук транспортту ѳнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгалы деп жатабыз»,-деп билдирди.

Бүгүнкү күндө бардык 52 троллейбус, анын ичинен 37 бирдик Россиядан жана 15 бирдик Беларусь Республикасынан Бишкек шаарына алынып келинди. Шаардын ичинде учурда 42 бирдик каттап жатат, ал эми 10 жаңы троллейбус эксплуатацияга берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы коомдук унааны алып келүү менен №2 жана №6 маршуттук каттамды кайрадан ачты. Жаңы коомдук транспорттор менен иштеп жаткан каттамдарды дагы толуктаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул троллейбус каттамдарынын арасындагы убакытты кыскартат. Азыркы учурда Бишкек шаарында 9 троллейбусттук каттамдын ордуна 11 троллейбусттук каттам иштей баштады. Күн сайын каттамга 128 бирдик троллейбус чыгат. Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын базасында жаңы троллейбустарды кошкондо 169 бирдик коомдук унаа бар.

Биринчи фаза долбоорун улантуу максатында, 2015-жылдын 30-ноябрында Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы  жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги арасында экинчи Кредиттик келишимге жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы арасында Гранттык келишимге кол коюлган.

Келишимдин жыйынтыгында калаага 52 бирдик жаңы троллейбус алынып келинди. Кредиттик жана гранттык каражаттын жалпы суммасы 7,9 млн.еврону түзөт. Анын ичинен 5,0 млн. евро кредит жана 2,9 млн.евро грант.

ЕРѲБ борбордук кеңсеси менен макулдашылган конкурстун жыйынтыгы боюнча троллейбустарды алып келүүчүлөр болуп «Белкоммунмаш» ААК (Беларусь, Минск) жана «Тролза Маркет» ААК(Россия, Энгельс ш.) аныкталып, 15 бирдик  жапыз полдуу, 37 бирдик  орто полдуу троллейбус, жалпысынан  52 бирдик жаңы троллейбус алынды.