27.03.2018 12:11

Бишкекте бир нече көчө апрелдин аягына чейин жабылды

Бишкекте бир нече көчө апрелдин аягына чейин  жабылды

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан апрелдин аягына чейин бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Бул көчөлөр жүрө турган оңдоо иштерне байланыштуу,  жол кыймылы үчүн жабык болот.

Буга чейин реконструкциядан улам Айни, Баялинов көчөлөрү менен Эркиндик проспектисинин бир бөлүгү жабылган.

"Оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн "25" көчөсүнөн Көпүрө-Базарга чейинки бөлүгү, Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайскийге чейинки бөлүгү жабылмай болду. Жолду реконструкциялоо апрелдин аягына чейин бүтөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жол тандап алууга чакырат.