20.05.2019 16:31

Бишкекте айдоочулар жогорку айыптарга каршы акция өткөрүшөт

Бишкекте айдоочулар жогорку айыптарга каршы акция өткөрүшөт

Бишкекте айдоочулар жол эрежесин бузганы үчүн айыптардын өлчөмүн азайтууну талап кылып, флешмоб өткөрүшөт. Бул туурасында уюштуруучуларга таянып, «Вечерний Бишкек» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, акция 23-май күнү саат 10.00дө башталат. 

«Учурда унаа айдагандардын көпчүлүгү карапайым адамдар, алар үчүн унаа- кирешенин жалгыз булагы. Жол эрежесин бузганы үчүн  салынуучу айыптын өлчөмү алардын кирешеси жана мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш эмес. Андыктан, өз нанын  араң таап жеп жаткан жөнөкөй жарандардын нааразычылыгы күн санап өсүп жатат. Биз элдин нааразычылыгы  чегинен чыгып кетишин каалабайбыз, ошон үчүн бардык жарандарды жол эрежесин бузгандар үчүн жогорку айыптарды кыскартууга колдоо көрсөтүп, биздин акцияга кошулууга чакырабыз», -деп билдирет уюштуруучулардын бири, «Элет Көйгөйү» коомдук бирикмесинин төрагасы Марипа Алыйкулова. 

Флешмоб Чүй-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде башталып, Фучик көчөсүндө жыйынтыкталат. 

«Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, Манас көчөсүнө чейин айдоочулар сигнал берип айдап жүрүп отурушат. Биз 3 миң унаа катышат деп пландап жатабыз. Ошондуктан, бардык айдоочуларды биздин акцияга кошулууга чакырабыз», -деп кошумчалады Алыйкулова.