08.08.2018 11:36

Бишкекте Айтматов проспектисинин тилкеси 8-августтан тарта ремонт иштерине жабылат

Бишкекте Айтматов проспектисинин тилкеси 8-августтан тарта ремонт иштерине жабылат

Бишкекте Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүнтөн, 8-августтан баштап аталган тилке ремонт иштери үчүн жабылат. 

Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун төшөмүн калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында жүрөт. Тилкеде жол төшөмү алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлат. Иштер 28-августка чейин жүрөт. Бул убакта унаа кыймылы чыгышта Токтоналиев аркылуу жана батышта Жунусалиев менен Бакаев көчөлөрү аркылуу ишке ашырылат.

11-12-августта Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрөт. Башка күндөрү бул жана башка Айтматов проспектисинин Айни, Жаманбаев жана Горький көчөлөрү менен кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.