22.08.2018 10:54

Бишкекте Айтматов проспектисинин тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Айтматов проспектисинин тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Борбордо Айтматов проспектисинин Бөкөнбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки тилкеси ремонт иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Жол тилкеси кечээ, 21-августта ачылган. Анда жол төшөмү жаңыртылып, бордюрлар орнотулган. 

Мэриянын маалыматына караганда, быйыл Айтматов проспектисинин Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки узундугу дээрлик 9 чакырымды түзгөн тилкесинде оңдоо иштери жүрүүдө. 

Учурда бул тилкенин көп бөлүгүндөгү иштер аяктады. Эми Ахунбаев менен Горький көчөлөрүнүн ортосунда оңдоо иштер уланып, тилкенин айрым жерлеринде асфальт-бетон төшөмдүн ылдыйкы катмары төшөлдү.   

«Ремонт иштери белгиленген убактысынан эрте бүткөрүлүп жаткандыктан,  Айтматов проспектиси унаа кыймылы үчүн айтылган мөөнөттөн мурда ачылат деген божомоллдор бар», -деп билдирет мэрия.