09.08.2018 14:59

Бишкекте Айтматов проспектисинин жогорку бөлүгү ачылды

Бишкекте Айтматов проспектисинин жогорку бөлүгү ачылды

Бишкекте Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Ажыбек баатырга чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, оңдоо иштери тогуз күндүн ичинде аяктап, тилке бүгүн түнү кыймыл үчүн ачылган. 

Ошол эле учурда Айтматов проспектисинин Ахунбаевадан Горькийге чейинки тилкеси ремонт иштерин жүргүзүү үчүн бугүнтөн тарта жабылды.