20.09.2018 08:30

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратылып баштады

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратылып баштады

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратылып баштады. Бул туурасында Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Жыгач отундарды аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн сырткары, пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бекер ала алышат. 

«Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн отундар калаанын төрт районуна этап-этабы менен берилет. 17-сентябрдан баштап, Ленин районунун муктаж тургундарына таратыла баштады», -деп билдиришет башкармалыктан.