12.07.2018 14:47

Бишкекте банктык эсебине жасалма доллар салган жаранга кылмыш иши козголду

Бишкекте банктык эсебине жасалма доллар салган жаранга кылмыш иши козголду

Бишкекте банктардын биринин кардары эсебине жасалма долларларды салган. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматка банк өкүлү кайрылып, кардар 1 миң доллар өлчөмүндөгү шек жараткан купюраларды эсебине кошконун билдирген.

Соттук-техникалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында акчалар жасалма экени тастыкталды. 

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 198-беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.