23.03.2018 10:30

Бишкекте бир нече көчө оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Бишкекте бир нече көчө оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Бишкекте 22-марттан баштап жүрүп жаткан ремонт иштерине байланыштуу бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Төмөнкү көчөлөр убактылуу жабык болот:

 - Термечиков көчөсү  Лев  Толстойдон  Гагаринге чейин (5-июлга чейин)

 - Жибек Жолу  Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин (23-апрелге чейин)

- Салиева  Лермонтовдон  Калининге чейин (15-июлга дейре);

     - Московский көчөсү  Сүйүмбаевден Ибраимовго чейин (10-майга дейре);

 - Ахунбаев  Садырбаев көчөсүнөн  (мурунку Баха көчөсү) Тыналиевге чейин (1-майга дейре жабык)

Бул көчөлөрдө асфальт бетонунун катмарын калыбына келтирип жана түздөшөт, ошондой эле шагыл төшөшөт, жолго бордюр, белгилерди коюшат.

   Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын автоунаа жолдорунун үстүңкү катмарын  калыбына келтирүү» долбоорунун             алкагында жүрүүдө.