13.07.2018 17:22

Бишкекте Чүй проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштери үчүн жабылат

  Бишкек жолдорун оңдоо (3 материала)
Бишкекте Чүй проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштери үчүн жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдагандай, 15-июлдан тартып, Чүй кең көчөсүнүн 7-апрелден Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгү ремонт иштери үчүн жабылат. Буга чейин бир жарым ай бою аталган тилкеде жылуулук куурларын алмаштыруу иштери жүргөн.

Эми «Бишкек шаарынын автоунаа жолдорунун төшөмүн калыбына келтирүү»  долбоорунун алкагында бул жерде жол төшөмү жаңыртылып, жаңы бордюрлар коюлат. Иш 15-сентябрга чейин созулат. Ага чейин автоунаалар Чүй кең көчөсүнүн түндүк тарабы менен катташат.