Бишкекте эки унаа кагышып, алты жаштагы бала жабыркады

Бишкектин Садырбаев көчөсүндө эки унаа кагышты. Бул туурасында Бишкек шаардык ЖКККБдан билдиришти.
Кырсык бүгүн, 12-октябрда болжол менен 13:30да болгон. «Toyota Camry» жана «Nissan» үлгүсүндөгү унаалар Садырбаев көчөсүндөгү №59 үйдүн каршысынан кагышкан.
Жол кырсыгынан уч адам жабыркады, алардын бири 6 жаштагы бала. Алдын ала маалымат боюнча «Toyota Camry» унаасынын айдоочусу мас абалында болгон жана каршы жол тилкесине чыгып кеткен.
Бала №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилди, эки айдоочуну Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткиришти. Бардык материалдар тергөөгө жөнөтүлүп, унаалар айып короого токтотулду.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: