10.08.2018 10:32

Бишкекте эт комбинатында чыккан өрттөн 5 миң чарчы метр жабыркады

Бишкекте эт комбинатында чыккан өрттөн 5 миң чарчы метр жабыркады

Бишкек шаарындагы эт комбинатынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кечээ, 9-август күнү саат 04:53 чамасында Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде чыккан жалын болжол менен 5 миң чарчы метр аянтты жалмаган. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Маалыматта, өрттөн жабыркаган адамдар жо экени айтылат. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ленин райондук №4 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн  2 бөлүм, КР ӨКМнин Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ленин райондук №8 АӨКБдан АКП, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу, Штаб, ИИМ кызматкерлери жана Бишкек Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт 9-август күнү саат 11:23тө чектөөгө алынган. Учурда жеринде КР ӨКМнин Ленин райондук №4 АӨКБдан 2 бөлүм толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Ал эми калган тартылган күч-каражаттар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.