11.04.2018 14:30

Бишкекте газ түтүктөрүн оңдоо максатында айрым жол тилкелери жабылат

Бишкекте газ түтүктөрүн оңдоо максатында айрым жол тилкелери жабылат

Бишкекте газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу  кээ бир жол тилкелери  жабылат. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирет.

Компаниянын маалыматына караганда, Лермонтов көчөсүнүн  Жибек-Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки тилкеси  унаа кыймылы үчүн жабылат. 12-апрелден 31-майга чейин аталган көчө кесиминде ремонт иштери жүрөт. Оңдоо иштери керектөөчүлөргө газды үзгүлтүксүз берүү максатында жасалып жатканы айтылат билдирүүдө.