15.10.2018 13:15

Бишкекте кытайлык жаран кыргыз аялдарды депутат таанышы менен коркутту

Бишкекте кытайлык  жаран кыргыз аялдарды депутат таанышы менен коркутту

Бишкектеги ресторандардын биринде кытайлык жаран 3 кыргыз аялды Жогорку Кеңештеги депутат таанышы менен коркутту. Бул окуянын тасмасын Фейсбуктагы баракчасына журналист Элнура Кулуева жарыялады.

Анын айтымында, жергиликтүү аялдар кошуна столдо бака-шака түшүп аткандарга бул коомдук жай экенин эскертип, тынчыраак отурууну суранышкан.

«Бул сөзгө эле кытайлык конок жулунуп... чоң концерт койду. «Депутатка телефон чалам, көргүлүктү көрсөтөм», -деп айгайды катуу салганда ...кайсыл депутатка чалат деп кулак жапырып...коркуп олтурдук...Мына сага...Кыргызстан...», -дейт тасманын автору.

Тасмадан кытайлык жарандын кайра-кайра жулунуп, аялдар отурган столго келип жатканын көрүүгө болот. Жадагалса, аны менен чогуу отургандар да албуут кытайды тынчыта алышкан жок. Акырында, кыргыз аялдар ресторандан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. 

ЖМКларда уруш болуп өткөн «Император» рестораны Жогорку Кеңештин бир депутатына таандык экени айтылат.