23.08.2018 14:33

Бишкекте КМШнын террорго каршы борборлору окуу өткөрдү

Бишкекте КМШнын террорго каршы борборлору окуу өткөрдү

Бишкек шаарында бүгүн, 23-августта КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорго каршы борборлору КР МУКК уюштуруучулук колдоосу менен “Ысык-Көл-Антитеррор-2018” антитеррористтик машыгууларын уюштуруу жана  өткөзүү боюнча тренинг үлгүсүндөгү практикалык окууларды өткөздү. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Тренингге Азербайджан, Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Таджикистан жана Өзбекистан өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана  атайын кызматтарынын, КМШ органдарынан – Чек ара аскерлеринин Командачыларынын кеңешинин, финансылык чалгындоо органдарынын жетекчилеринин кеңешинин, уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын кооптуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун өкүлдөрү катышты.

Өткөрүлгөн иш-чаранын башкы максаты - “Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын 1-этабында ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлерин бирдиктүү практикалык аракеттерге даярдоо болуп эсептелет.

Практикалык окуулардын жүрүшүндө машыгуулардын мазмуну жана тартиби каралып, Эл аралык террористтик уюмдардын жашыруун, иштебеген ячейкаларын аныктап, алардын ишмердүүлүгүн алдын алууда мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык карым-катнаш алгоритми иштелип чыкты.

Машыгуулардын катышуучулары машыгуулар учурунда жигердүү колдонула турган КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары менен укук коргоо органдары коллективдик түрдө колдонуп келген маалыматтык системаларынын арсеналдарын анализдеп чыгышты.

КМШ мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү  органдарынын “Ысык-Көл-Антитеррор-2018”  бирдиктүү антитеррористтик машыгууларынын биринчи этабы ушул жылдын сентябрь айында жети мамлекетте, алар Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстанда болуп, жыйынтыктоочу этабы Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.