26.09.2018 15:38

Бишкекте күйүп кеткен 1-Май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна бала бакча курулат

Бишкекте күйүп кеткен 1-Май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна бала бакча курулат

Бишкектеги күйүп кеткен Биринчи май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна бала бакча курулат. Бул тууралуу мэрия аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Бул жер тилкеси Тыныстанов 193 дареги боюнча жайгашкан. Совет мезгилинде дал ушул жерде орус тилинде окуткан бала бакча болгону айтылат. 

Жаңы курула турган бала бакча 140 бөбөккө эсептелген.