05.07.2018 13:06

Бишкекте Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектисинде веложол салынат

Бишкекте Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектисинде веложол салынат

Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектисинде веложол салынат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Мэрия учурда аталган проспектиде жол төшөмүн жаңыртып, бордюрларды алмаштыруу ишин жүргүзүүдө. Жакын арада проспектиде велосипед үчүн жол пайда болот. 

Долбоорду даярдаган «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын маалыматына караганда, велосипед жүрүүчү жолдор автоунаалар өтчү жолдон бөлүнүп турат. Бул  велосипед менен бараткан элдердин коопсуздугу үчүн жасалат.

Долбоор Семетей көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыкты камтыйт.  Бул аралык 9 чакырымды түзгөндүктөн, веложол 18 чакырым болот.  Андан тышкары, бул тилкеде тротуарлар дагы жаңыланат. 

Мэрия ошондой эле, бул долбоордун алкагында көчөнү жарыктандыруу тутумун мыктылап, арыктарды оңдоп-түздөйт.