02.04.2018 09:28

Бишкекте маршруттук такси айдоочулары иш ташташты

Бишкекте маршруттук такси айдоочулары иш ташташты

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Мындан   улам аялдамада элдин саны көбөйүп, калаа тургундары жумуштарына, окууларына өз маалында жете албай кыйналышты.  Каттамдагы троллейбус жана автобустар элди тейлегенге жетишкен жок.

April.kg  порталынын кабарчыларына маалым болгондой, айдоочулардын нааразычылыгын жараткан негизги маселе - жол кыймылынын коопсуздугун сактоочулардын ыгы жок токтотуусу. Экинчиси, айдоочулар сатып алууга тийиш болгон формалар. "Сапатсыз, аба өткөрбөгөн форманы 750 сомго сатып алууну каалабайбыз", -дешет алар. Үчүнчү жагдай - өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу талабы. 

"Жүргүнчү ташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча"  мыйзам 2008-жылы эле кабыл алынган.  Өткөн жылдын аягында өкмөт башчы  2018-жылдын 1-апрелинен тартып,  полиси жок айдоочуларды административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу токтомго кол койгон. Полисти айдоочулар каалаган камсыздандыруу компаниясына акча төлөп, ала алышат. 

Камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга  500 сом айып салышат, ал эми унаасын айыппул төлөөчү жайга коюшат.

Маршруттук таксилердин жоктугунан көпчүлүк  такси кызматынан пайдаланууга аргасыз болушту. Мындан улам, таксисттердин  иши кызуу жүрүп, тарифтери да кымбаттап кетти. Демейде 130-150 сом менен жетчү жерге чейин 200 сом алышууда.

Бирок, алар да камсыздандыруу полисине каршы пикир билдиришет. 

"Мисалы, менин унаам 6 орундук. Мен ар бир орун үчүн  квартал сайын  200 сомдон төлөп турушум керек экен. Ошондо 3 ай сайын 1200 сомдон. Мурда патент алгыла деп талап кылышчу. Аны алсак, эми полис дегени чыкты. Унаам алты орундук болгон менен шаар ичинде алты жүргүнчү салып жүрө албайм да. Бир адамды гана каалаган жагына жеткирем. Камсыздандыруу компаниясына барып, жок дегенде 4 адам үчүн төлөйүн десем, көнүшкөн жок", -дейт  такси айдоочусу.