16.01.2019 10:12
Бишкекте мас айдоочу унаасын жолдун ортосуна токтоткон бойдон уктап калган

Бишкекте Чүй кең көчөсү менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде мас айдоочу унаасын жолдун так ортосуна токтоткон бойдон уктап калган. Окуянын тасмасын April.kg порталына шаар тургуну жөнөттү.
Анда S 93 53 AE номерлүү Mersedes үлгүсүндөгү унаа жолдун ортосунда токтоп турганын көрүүгө болот. Тасманын автору машинага жакын барып, эшигин ачканда рулда отурган адамдын кыйшайып уктап калганы көрүнөт.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын башынан тартып, мас абалында унаа айдагандарга17 миң 500 сом айып салынат.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Май 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
Выбранная дата: