Бишкекте мэрия имаратынын алдында шаардык кеңешти таратуу талабы менен митинг өтүп жатат

Бишкекте мэрия имаратынын алдында шаардык кеңешти таратуу талабы менен митинг өтүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында жарандык активисттер катышкан митинг өтүүдө. Алар Бишкек жана Ош сыяктуу республикалык маанидеги шаарлардын жетекчилерин шайлоо укугун элге берүү жана учурдагы шаардык кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн эрте таратууну талап кылып жатышат. 

Митингге Равшан Жээнбеков, Калича Умуралиева, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов сыяктуу жарандык активисттер катышууда. Катышкандар жалгыз талапкер Суракматовго каршы экендиктерин билдиришти.  Курулуш компаниясын башкарган адамдын шаар жетекчилигине келишинен калаадагы башаламан үйлөрдүн курулушу көбөйүп, бакчалардын ордуна турак-жай салынып баштайт деген пикирлер айтылууда. 

«Бул жерде эки маселе коюлуп жатат, биринчиси азыркы мэрди шайлоо аябагандай жабык тандалып, жабык сунуш кылынып, адилетсиз жана атаандашсыз шайлоо процесси жүрүп жатат. Жакшы мамлекет түзөм деген бийлик буга жол бермек эмес. Андыктан, нааразы болгон активисттер шайлоону кийинки убакытка жылдырууну жана биз айткан баалуулуктарды эске алууну талап кылып жатат. Экинчиден, коомдук пикир жаратышыбыз керек. Жакынкы айларда, жакынкы жылдарда Бишкек шаарынын мэрин эл шайлагандай кылуу керек. Мына ушул эки негизди карманып, митингге чыгып жатабыз», -деди Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков.

Ошондой эле, митингде шаардык кеңеш депутаттары минген кымбат баалуу унааларга карата да «Мамлекеттен алган маянага мындай унааларды ала алышмак эмес» деген сындар айтылып жатат. 

Митингге баш-аягы 50гө жакын адам чогулганы маалымдалат.  Алардын айрымдары колдорунда шаардык кеңештин депутаттарын символдоштурган каракчыларды көтөрүп алышкан. Бул депутаттар жогору жактын буйругун аткарган нотариустар болуп калды деген нааразычылыктан улам жасалууда. Маал-маалы менен «депутаттар кетсин!» деген чакырык жаңырууда. 

Эскерте кетсек, бүгүн ушул эле имаратта–Бишкек мэриясында жаңы мэрди шайлоо жүрөт. Ага көпчүлүк коалициядан жалгыз талапкер катары Азиз Суракматов көрсөтүлгөн.