22.10.2018 17:31
Бишкекте милиция кызматкерин тепкен кыз 4 жылга кесилди
Бишкекте мас абалында милиция кызматкерин тээп жиберген кыз 4 жылга шарттуу кесилди. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынган, деп жазат kabar.kg
Маалыматка караганда, окуя мындан 7 ай мурун, тактап айтканда, 20-мартта болгон. Кара-Балта шаарынын тургуну Н.Эсенбаева Бишкек шаарынын «Улан-2» кичирайонунда дос кыздары менен ичип отуруп, бейтааныш киши менен чатакташа кеткен.
Жыйынтыгында ал кыз турак жайлардын биринин алдыңкы кабатынын терезесин сындырган. Жерине келген милиция кызматкери ызы-чуу салган кызды сүрөткө тартып баштаганда, Эсенбаева аны тээп жиберген жана телефонун сындырган.
Эсенбаева өз күнөөсүн моюнуна алган жана өкүнгөндүгүн билдирген.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: