25.01.2019 09:42

Бишкекте милиция кызматкерлери пара менен кармалышты

Бишкекте  милиция кызматкерлери пара менен кармалышты

Бишкекте мурда жана азыркы учурда иштеген милиция кызматкерлери пара талап кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 22-январында Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, арыздануучуга кылмыш ишин козгоону ишке ашырбоо үчүн 3000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган милиция кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган.

2019-жылдын 24-январь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жана УКМКнын Башкы тергөө
башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Шопоков менен Иваницина көчөлөрүнүн кесилишинен шектүүлөрдү акча алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. 

«Алар Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын 1988-жылы туулган Е.А. аттуу кызматкери, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана пара талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган Н.У., Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын мурдагы кызматкери, алдамчылык менен издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган Ж.Т. аттуулар  болуп чыкты», -деп билдиришет мекемеден.

Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда 2500 АКШ доллар суммасындагы акча каражаты  табылды. Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка дагы жактарды тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Иликтөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүрүзүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн милиция кызматкерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.