17.08.2018 17:10

Бишкекте рейд учурунда жолго таштанды ыргыткан ишкерлер аныкталды

Бишкекте рейд учурунда жолго  таштанды ыргыткан ишкерлер аныкталды

Калаа мэриясы ишкерлерди атайын бөлүнбөгөн жерлерге таштанды ыргытпоого чакырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн калаада борбор шаардын тазалыгын бузгандарды аныктоо үчүн рейд өттү. Анын жыйынтыгында,  «Кара-Кулжа» чайханасы (пр. Жибек Жолу, 285), «Банк Компаньон» ЖАКы (Жибек Жолу проспекти, 221),  «Бад Фарм» Аптека (Жибек Жолу, 217) Жибек-Жолу проспектисинин унаалар өтүүчү бөлүгүнө  өндүрүш таштандыларын ыргытып жатканы ачыкталды.

Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык–экологиялык инспекциясынын инспектору 489-берене менен протокол түзүп, андан ары териштирүү үчүн Свердлов райондук административдик комиссияга жөнөтүлдү.

Шаардык муниципалитет жана Бишкек шаардык мэриясынын СЭИси шаар тургундарын жана конокторун таштандыларды башаламан ыргытпоого чакырат.