28.09.2018 18:14

Бишкекте Садырбаев көчөсүнүн тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Садырбаев көчөсүнүн тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкектеги Садырбаев көчөсүнүн Гагарин менен Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бир жарым чакырым жолго асфальт төшөлүп, жаңы тосмолор орнотулду.

Оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөн бир ай мурда бүттү.