12.10.2018 14:20

Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Кимдер бекер ала алат?

Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Кимдер бекер ала алат?

Бишкек шаарында тобокелдик тобунда турган адамдарды сасык тумоого каршы акысыз эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан А тибиндеги  (H1N1, H3N2) жана В тибиндеги сасык тумоого каршы 15 миң доза вакцина алынып келип, саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылды. 

Вакцинанын өлчөмү тургундардын баарына жетпегендиктен, акысыз эмдөө тобокелдик тобундагыларга – медицина кызматкерлери, тез-тез ооруган балдар, өнөкөт дартты алып жүрүүчүлөр, интернат тарбиялануучулары жана кош бойлууларга гана жүргүзүлөт.  Бул топтогу адамдар ийне сайдыруу үчүн каттоосуна карап, Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылса болот.

Калган тургундар акы төлөп, эмдөөдөн өтө алат. Бирок акылуу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бир да жеке клиника Саламаттыктык сактоо министрлигинен уруксат ала элек.