28.04.2018 18:05

Бишкекте туризм форуму өттү

Бишкекте туризм тармагын өнүктүрүүгө арналган ири иш-чара бир топ уюмдун башын бириктирди. Өлкөнүн турфирмалары, мамлекеттик түзүмдөрү жана мейманканалардын өкүлдөрү чет өлкөлүк конокторду кызыктыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Бирок эң негизги буркан-шаркан энтошаарчада орун алган. Беш дубандан келген тургундар сейилдеп келгендерди өз өнөрлөрү жана даамдары менен таңдантууга аракеттеништи.