13.11.2018 11:07

Бишкекте түшкө жакын коомдук транспорттун саны көбөйөт

Бишкекте түшкө жакын коомдук транспорттун саны көбөйөт

Бишкекте эртең менен шаар тургундарына кызмат көрсөтүүгө 87 автобус, 115 троллейбус жана 1 794 маршруттук такси чыкты. Бул туурасында Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, түшкө жакын коомдук унаалардын саны көбөйөт. Белгилей кетсек, Бишкекте жалпысынан 2,7 миң маршруттук такси, 115 автобус жана 115 троллейбус бар.

Эки күн катар жааган кардан улам борбордо коомдук транспорттордун иши кыйындап, шаар тургундарына үйлөрүнө, жумуштарына жетүүдө көйгөй жаралууда. Айрым айдоочулардын дөнгөлөктөрүн кышкысына өз убагында алмаштырбаганы абалды ого бетер күчөттү.

Каттамга чыккан маршруттук таксилердин аздыгынан аялдамаларда кишилер толуп, 1 саатка жакын транспорт күткөндөр болду.