03.07.2018 13:02

Бишкекте төрөт үйү кабыл албай койгон аял короодо төрөгөнгө аргасыз болду

Бишкекте төрөт үйү кабыл албай койгон аял короодо төрөгөнгө аргасыз болду

Бүгүн калаадагы 2-төрөт үйүндө кош бойлуу аялды дарыгерлер кабыл албай коюп, ал короодо төрөгөнгө аргасыз болгон. Бул туурасындагы маалыматты Инстаграмдагы omks_video жамаатынын баракчасына окуяга күбө болгон жаран жөнөткөн.  

Күбөнүн айтымында, окуя бүгүн саат 11:15тер чамасында болгон. Дарыгерлер толгоосу башталган аялды төрөт үйүнүн кабылдамасына дагы киргизбей койгондору айтылат. Мындан улам, аял баласын асфальттын үстүнө төрөгөнгө аргасыз болгон. 

«Бул тасманы жарыялап койсоңуздар, министрлик көрсүн. Бул  Москва жана Жаш Гвардия бульварында жайгашкан 2-төрөт үйүндө болгон окуя», -деп жазат  колдонуучу.  

Только что прислали ? Цитирую слова очевидца ? " Здравствуйте, можете видео выложить у себя на странице? ???? Снято сегодня 3- июля примерно в 11:15 . На дворе 2-роддоме родила женщина прям на асфальте ?? это рожавшая женщина на асфальте она бедняжка мучалась и её не принимали врачи т.е приемную не пускали ?. У нее воды отошли , и кровь шло а врачи не реагировали . Извиняюсь, но это видео братишка снял и ему было стыдно и он так коротко снял . По его словам у неё ребенок родился прям об асфальт!?? Выложите , пусть министерство увидет . 2-роддом, район Ошского рынка города Бишкек " Есть врачи которые могут объяснить почему могут не пустить роженицу ? Какие основания для этого нужны ?

A post shared by ᴏᴍᴋs | ᴠɪᴅᴇᴏ (@omks_video) on