21.06.2018 17:13

Бишкекте Улуттук гвардиянын жоокери башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Бишкекте Улуттук гвардиянын  жоокери башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Бишкекте Улуттук гвардиянын 701-аскер бөлүгүнүн жоокери ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Govori.TV. интернет-басылмасы жазып чыкты. 

April.kg кабарчысы окуя тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына кайрылганда, жагдай кокусунан келип чыкканын билдиришти.

«Бул турмуштук жаракат. Тийиштүү чаралар көрүлдү. Жоокерди «Юрфа» медициналык борборуна текшерүүгө алып барып текшертишти. Дарыгерлер баш сөөгүнүн жабык жаракаты жок деген бүтүм чыгарышты.  Жоокер катуу тийген. Жанында азыр ата-энеси бар, дарылануу алып жатат. Бул окуяда эч кандай криминал жок. Аскер кызматчысы керебеттин экинчи кабатында эс алып жаткан, турайын деп атып, башы менен бурчун сүзүп алган. Буга чейин жоокерлер аскер даярдыгынан өткөндүктөн, ал чарчап турган», - деди Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалымат кызматы башкармалыгынын башчысы Гүлзат Шералиева.

КР Кыйноолорду алдын-алуу улуттук борборунун окуя тууралуу кабары жок.