Бишкекте Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү
Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгон жоокерлерди бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.
Белгилей кетсек, тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашык адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден ашыгы дайынсыз жоголгон.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: