26.09.2018 12:44

Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган жумушчусун сабаган адам көрсөтмө берди

Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган жумушчусун сабаган адам көрсөтмө берди

Милиция Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган жумушчусун сабаган адамды кармады.  Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милицияга берген көрсөтмөсүндө, айдоочу чатактын чыгышына унаа токтотуучу жайда иштеген кишини күнөөлөдү. «Кечээ кызым  ооруп калып, бейтапканадан маанайым жок келе жаткам. Ал киши өзү «сен токтоп тур, мен бул жактан башка машинаны чыгарып жиберейин» деди. Мен шашып баратканымды айтсам, унаамды тээп жиберди. Машинадан чыгып «эй, байке эмне кылып жатасыз?»" десем, «эй, эшек сен менин бутумду тебелеп салдың»,- деп калп айтты», — деген айдоочу.

Ал ошондой эле, киши дагы сөккөндүктөн, кармана албай чаап-тээп жибергенин айтты.

Эскерте кетсек, окуя 25-сентябрда 15:00дө «Мега Комфорт» соода борборунун жанында болгон. Социалдык тармактарга тарап кеткен тасманы тарткан адамдын айтканына караганда ,чатак « Mercedes-Benz» унаасынын айдоочусу унаа токтотуучу жайдын кызматчысын сүзүп кеткенинен чыккан. Жини келе түшкөн кызматчы унааны чаап жибергенде, буга жооп кылып айдоочу унаасынан чыга калып, улгайган адамды катуу сабап салган. Жабыркаган адам милицияга арыз менен кайрылган эмес. Бирок, Бишкек шаарынын Свердлов районунун милициясынын участкалык инспектору аны таап, ошондо гана жабырлануучу арыз жазган.

Көрсөтмө берген айдоочу улуу кишиге кол көтөргөнү үчүн өкүнөрүн, бирок улгайган киши өзү ошого жеткирип койгонун кошумчалап, эгер калп айтып, аны сөкпөсө мындайга бармак эместигин билдирди.

Факт Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды