15.11.2018 14:07

Бишкекте «Я люблю Бишкек» инсталляциясын талкалаган бейбашка кылмыш иши козголду

Бишкекте «Я люблю Бишкек» инсталляциясын талкалаган бейбашка кылмыш иши козголду

Бишкекте «Я люблю Бишкек» инсталляциясын талкалап кетишти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 2:00лерде Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия гүлбагынын  кесилишиндеги инсталляцияны талкалап салышканы аныкталган. Көп өтпөй бейбаштык кылган адам кармалды. Ал 1991-жылы Нарын облусунда туулган жаран болуп чыкты. Бейбаш милиция кызматкерлерине эмне себептен бул ишке барганын айтып берген.

«Ал түндө буту ооруганынан «Тез жардам» кызматын чакырып, бир сааттан ашык күткөнүн айтат.  Дарыгерлер келбей койгондо, ачуусу менен инсталляцияны талкалап салыптыр», -деп билдиришти ШИИБден.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси «Атайылап бирөөнүн мүлкүн талкалоо же жок кылуу» менен кылмыш иши козголду. Эми ал чыгымды төлөп бериши кажет.