17.09.2018 14:28

Бишкекте жанында веложол каралган жөө адамдар басчу жол салынып баштады

Бишкекте жанында веложол каралган жөө адамдар басчу жол салынып баштады

Бишкекте биринчи жолу жанында велосипеддер үчүн жол каралган жөө адамдар басчу жол салынып баштады. Бул туурасында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Веложолу бар тротуар Түштүк Магистралдын эки тарабында тең болуп, Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин барат.  Бир тараптын узундугу 3,6 чакырымды түзүп, жалпы узундугу 7,2 км болот.

«Магистралдын түндүк тарабындагы жөө адамдар үчүн жолдун туурасы 4,5 метр, велосипед үчүн жолдун туурасы 1,5 м болот. Түштүк тараптагы тротуардын туурасы 2,5 м жана веложолдуку 1,5 м. Жол жарыктандырылып, 200дөй отургуч жана 400 таштанды челектер орнотулат. Ала-Арча каналынын үстүнөн түштүк жана түндүк тарабынан 2 көпүрө салуу пландалууда. Иштер ушул жылдын 1-ноябрына чейин бүтөт», -деп айтылат маалыматта.