15.11.2018 10:28

Бишкекте жаш кыз Чоң Чүй каналына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылды

Бишкекте жаш кыз Чоң Чүй каналына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылды

Бишкекте жаш кыз Чоң Чүй каналына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрда 13:35те милициянын «102» нөөмөт бөлүмүнө Жаш Гвардия проспектисиндеги ЧЧК көпүрөсүндө бир кыз секирүүгө камданып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. 

Айтылган жерге улук лейтенант Шайырбек Усупбаев менен кичүү лейтенант Азамат Урманбетов жөнөтүлгөн. Алар келген кезде кыз сууга секирген. Милиционерлер анын артынан секирип, кызды сактап калган. 

Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.