19.06.2018 11:51

Бишкекте жаңы фабрика ачылып, 240 жумуш орун түзүлөт

Бишкекте жаңы фабрика ачылып,  240 жумуш орун түзүлөт

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана «Салкын» тигүүчүлөр ишканасы 22-июнда жаңы фабриканын ачылыш аземин өткөрөт.  Бишкек Эркин экономикалык зонасынын аймагында өтө турчу иш-чарага өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев менен АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкери Алан Мельцер катышат.

Жаңы ишке кире турган фабрикада 240 туруктуу жумуш орду түзүлөт. Бул жерде өңдүрүмдүүлүк жылына 408 тоннага жетери пландалууда. Бул максатта USAID ишкана ээлери менен бирге 98 даана жогорку технологиядагы текстилдик жабдыктарды сатып алууну каржылаган. Азыр жылына 168 тонна гана өндүрүлөт. 

Жаңы цех «Салкын» ишканасына Европалык ритейлерден ири буйрутма алууга жана аны убагында жасап берүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Иш «USAIDдин ишкерликти өнүктүрүү боюнча демилгеси»  долбоорунун алкагында жүрүп жатканы айтылат.