24.08.2018 17:30

Бишкекте жолду оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси жабылат

Бишкекте жолду оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси жабылат

Бишкек шаарында жолду оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсү жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. 

Мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 26-августтан тартып, Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси  оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.

Аталган көчөнүн Москва жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде жол төшөмү жаңыртылып, жаңы бордюрлар коюлат.  Мэриянын маалыматына караганда, иш 30-октябрга чейин жүрөт.

Унаалар үчүн альтернативдүү көчө катары Турусбеков менен  Калык Акиев сунушталат.