08.08.2018 18:00

Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси 28-августка чейин жабылды

Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси 28-августка чейин жабылды

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси жабылат. Бул туурасында шаар мэриясынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүн, 8-августтан баштап, аталган көчөнүн Чүйдөн Киевге чейинки бөлүгүндө ремонт иштери башталат. Тилкедеги жол төшөмү жаңыртылып, жаңы бордюрлар коюлат. Оңдоо иштерин 28-августка чейин бүтүрүү пландалууда. 

Эскерте кетсек, быйыл Үмөталиев көчөсүнүн  Жибек Жолунан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки 2 чакырымды түзгөн бөлүгү оңдоодон өтөт.