09.10.2018 11:48

Бишкекте үй-жайсыз адамдарга суукта баш калкалай турган жайлар ачылат (дареги)

Бишкекте үй-жайсыз адамдарга суукта баш калкалай турган жайлар ачылат (дареги)

Жылдын суук мезгилинде туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын баш калкалоочу жайларды уюштурат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

Биринчи Май районунда Жибек Жолу проспектиси, 413 дареги боюнча ар убак иштеген «Коломто»  муниципалдык үйү 70 кишиге ылайыкталып, бир маал ысык тамак жана түнөк жай менен камсыздоо каралган. Байланыш номери: 30-48-55. Директору - Сманалиева Айгуль Дондоевна.

Ленин районунда Трудовая көчөсү, 10 дарегинде балалуу аялдар үчүн «Боорукердик борбору» иштеп келет. Байланыш номери: 64-48-71. Директору - Уркуя Исманова, 0550 54 66 22.

Мындан тышкары, ноябрь айынан март айына чейин калган эки райондо бир маал тамагы жана түнөгү менен убактылуу жайлар ачылат. Кыш мезгилинде баш калкалоочу жайлар күнүнѳ 100 кишиге чейин кабыл алат.

Свердлов районунда Фере көчөсү, 34-а дарегинде баш калкалоочу жай ачылат, байланыш номери: 58-03-68. Свердлов районунун даректүү социалдык жардам бѳлүмүнүн башкы адиси Зеркинбек Мамаев, тел 360-335, 0556 564-656.

Ал эми Октябрь районунун баш калкалоочу жайы 12 -кичи районундагы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан. Байланыш номери: 42-64-47. Октябрь районунун социалдык кызмат кѳрсѳтүү секторунун адиси Сталбек Эсенкулов, тел: 570-392, 0708 880-218.