09.05.2018 10:19
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы жүрүп жатат
© Екатерина Борченко
Учурда калаада "Өлбөс полк" жүрүшү өтүп жатат. Катышуучулар "Түштүк дарбазасында" чогулуп, Байтик Баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына келиши күтүлүүдө.
Жеңиш аянтында күндүн негизги иш-чарасы өтмөкчү.
Жүздөгөн адамдар- шаар тургундары жана коноктору кичине балдар менен акцияга келишти. Алардын колдорунда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарынын, туугандарынын сүрөттөрү бар.
Кыргызстанда бул акция биринчи жолу 2014-жылы Ош шаарында өткөн. 2015-жылы жүрүшкө Бишкек шаарынын тургундары да кошулган.
Былтыр акцияга 30 миңдей адам катышканы айтылат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: