06.07.2018 10:50

Бишкектеги №1 Калкты тейлөө борборунда бүгүнтөн тарта туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү жанданат

Бишкектеги №1 Калкты тейлөө борборунда бүгүнтөн тарта туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү жанданат

Бишкектеги №1 Калкты тейлөө борбору бланктар жок деген жүйөө менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербей жатат. Бул туурасында шаар тургуну билдирди. Айтымында, мындай көрүнүш 2 жумадан бери уланууда.

«Эки жумадан бери күбөлүк ала албай жүрөбүз. Call---борборго кайрылсак, бланктар августта гана даяр болот дешти. 2012-жылдагы көрүнүш кайра кайталанууда. Анда да жасалма түрдө таңсыктык жаратып, анан ката күбөлүктөрдү берип коюшту эле», -деди нааразы тургун.

Бул маселе боюнча April.kg Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганда, бланктардын таңсыктыгы көйгөйү жок экенин билдиришти.

«Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары бар. Бизде баары атайын эсеп менен жүргөндүктөн,№1 Калкты  тейлөө борборуна бланктарды жеткирүү иши кармалып калган. Бүгүнтөн тартып, күбөлүктөр өз учурунда  берилип баштайт», -деди Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов.