18.06.2018 14:54

Бишкектеги №61 мектеп-лицейине аңгемелешүүгө 150 баланы каттоо 3 мүнөттө аяктаган

Бишкектеги №61 мектеп-лицейине аңгемелешүүгө 150 баланы каттоо 3 мүнөттө аяктаган

Бишкек шаарынын тургуну Г.Э.к. April.kg порталына №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин карамагындагы бала бакчасына сайт аркылуу жазылуу мүмкүн эместигин айтып арызданды. Бул туурасында ал редакцияга жазган катында билдирген. 

Анын айтымында, 27-майда уулун көрсөтүлгөн бала бакчага орноштурууга аракет кылган. Ан үчүн мектептин сайтында аңегемелешүүгө жазылуу керек болчу.  Сайтта жазылган шарттар боюнча баланы каттоо туура саат 9:00дө башталмак. 9дан 3 мүнөт өткөндө «каттоо аяктады»  деген билдирүү шаар тургунун бир чети таңдантып, экинчи жагынан нааразычылык жараткан. 

April.kg кабарчылары менен телефондук сүйлөшүүдө аял каттоонун чын өткөнүнө ишенбей, коррупция көрүнүштөрү орун алышы мүмкүн деген  божомолу менен бөлүштү. 

Үч мүнөттө 150 бала каттоого турган учур тууралуу April.kg кабарчысы №61 мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийге кайрылды. Анын айтымында, каттоого алуу мурда айтылгандай эле 9:00дө башталган. Биринчи бала 9:00:27 де катталып бүтсө, 150- акыркы баланы каттоо 9:02:17де аяктаган.

«Атайын программа иштегендиктен, жазылуу аябай бат жүрөт. Жылда эле ушундай», - деди директор.